Жарандык катышуу борбору/ / «PMPни долбоорго интеграциялоо» воркшопу

«PMPни долбоорго интеграциялоо» воркшопу

 

2025-жылдын 16-январында ACEP лидерлери үчүн «PMPни долбоорго интеграциялоо» темасында воркшоп өткөрүлдү. Иш-чаранын спикери C5+1 Жаштар кеңешинин бүтүрүүчүлөрү менен иштөө боюнча координатору Дилшод Норов болду.

Сабактын жүрүшүндө катышуучулар долбоорлорду мониторингдөө жана баалоодо Иштин натыйжалуулугун мониторингдөө планынын (Performance Monitoring Plan, PMP) мааниси менен таанышышты. Спикер PMPни иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча негизги методологияларды жана инструменттерди сунуштап, аны ар кандай долбоорлордо ийгиликтүү колдонуу боюнча практикалык мисалдарды келтирди.

Мындан тышкары, долбоорлорго мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана пландаштырылган натыйжаларга жетишүү стратегиялары талкууланды.

Воркшоп интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар талкууга активдүү катышып, суроолорду берип, долбоорлорду башкаруу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.