БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

БААУнун Мейкерспейсинде Балдар өстүрүү академиясы

Сиздерге 7 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн Балдар өстүрүү академиясын тартуулайбыз! Бул билим берүү программалары балдарга маанилүү ыктарды оюн түрүндө жана интерактивдүү формада өнүктүрүүгө жардам берет.... Read More

Кара-Жыгач токойчосунда күз

Кара-Жыгач токойчосу жылдын бардык мезгилинде сонун. Алсак алтын күз да ага куп жарашат.... Read More

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Абитуриенттер үчүн маанилүү маалымат! Биз жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоону ачып жатабыз.... Read More

БААУнун вице-президенти “Кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл” мааракелик медалы менен сыйланды

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.... Read More

Maker Fest

  “Любимый” телеканалы тарабынан даярдалган Maker Fest жөнүндө сюжет.... Read More

Компьютерлер менен камсыздоого тендер

Борбордук Азиядагы Америка университети компанияларды №1 тиркемеге ылайык 50 компьютер менен камсыздоо тендерине катышууга чакырат.... Read More