БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Жаңы муун академиясы: Болочок студенттер үчүн даярдоо программасы

7 августа 2026

#анп#NGA

БААУда билим алууну кыялданасызбы, бирок, кабыл алуу сынактарында зарыл болгон упайларды чогулта алган жоксузбу? Же болочок кесибиңиз боюнча бир чечимге келе элексиз жана мектепти аяктагандан кийин кыска тыныгуу алдыңызбы? БААУнун Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылды пайдалуу өткөрүп, университетке окууга тапшыруу үчүн даярданууга жардам берет.

БААУнун Жаңы муун академиясы (ЖМА же New Generation Academy, NGA) – бул болочок студенттерге академиялык даярдык деңгээлин жогорулатуу, англис тилин жакшыртуу жана тандаган ЖОЖуна окууга тапшырууга көмөктөшкөн бир жылдык даярдоо программасы.

Программа өзүнө буларды камтыйт:

  • Англис тилин интенсивдүү иликтөө;
  • Эл аралык сынактарга даярдануу;
  • Академиялык кат жана эссе жазууну үйрөтүү;
  • Изилдөөчүлүк иш жана бет ачарларды жасоо ыкмаларын өнүктүрүү;
  • Математика жана орус тили боюнча ЖРТга даярдоо;
  • Эл алдына чыгып сүйлөө жана сын көз-карашта ойлонуу ыкмаларын өнүктүрүү.

Билим алуу учурунда Академиянын студенттери БААУнун университеттик коомчулугунун бир бөлүгүнө айланышат. Алар иш-чараларга катыша алышат, окутуучулар жана студенттер менен бааралашышат жана кампустун жашоосуна активдүү катышып, университеттин академиялык маданияты менен таанышышат.

Программа мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө жана жылды максималдуу түрдө пайдалуу өткөрүүнү, өз билимдерин бекемдөөнү жана университетке окууга тапшырууга даярданууну каалагандардын баарына туура келет.

Окууга тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди камдоо керек:

Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 14-августуна чейин ачык.


Байланыштар:
WhatsApp: +996 220 118 243
Instagram: @nga_auca 
Email: nga@auca.kg 
Дарек: Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү, 7/6 (БААУ), 4-кабат, кабинет 420.

<< Назад к списку