БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Элдияр Садыков: “Бул дайыма укмуштуудай бир саякат болот”

21 июля 2026

 

"Колдонмо математика жана информатика" факультетинин студенти Эльдияр Садыков өткөн жылы студенттердин алмашуу программасынын катышуучусу болуп, Германияда Рейн-Ваал колдонмо илимдер университетинде (Rhine-Waal University of Applied Sciences) күзгү семестрда билим алып келди. Бул маекте ал немис университетинде окуудан алган таасирлери менен бөлүшөт.

 

– Студенттерди алмашуу программасы тууралуу кантип билдиңиз? Катышуу чечимин кабыл алууда эмне чечүүчү фактор болду?
– Мен БААУ студенттерди чет өлкөгө окууга жөнөтөрүн университетке кире электе эле билчүмүн. Бирок кененирээк маалыматты электрондук почта аркылуу келген каттардан алдым. Чечүүчү фактор — мен ар дайым чет өлкөдө окуп көрүүнү каалачумун. Бул мен үчүн жаңы жана абдан баалуу турмуштук тажрыйба болду.

 

– Кайсы өлкөнү жана кайсы университетти тандадыңыз? Башка варианттар бар беле?
– Мен Германиядагы Рейн-Ваал колдонмо илимдер университетин тандадым. Ошондой эле Дания менен Түркиянын университеттерине да документтеримди тапшыргам, бирок Германиядан жооп келгенде, көп ойлонбостон ушул вариантка токтолдум. Мен дал ушул Европанын университеттерин тандагам, анткени ал жакта мага көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр болот деп ойлогом.

 

– Окуу кандай өттү жана ал БААУдагы окуудан канчалык айырмаланды?
– Окуу БААУдагыга караганда бир топ айырмаланды. Лекциялардын өзү биздикине караганда жеңилирээк өтүп, стресс азыраак сезилди. Бирок эң негизги айырмасы — предмет боюнча корутунду баа БААУдагыдай квиздерден, аралык сынактардан жана башка убактылуу тапшырмалардан эмес, семестрдин аягындагы бир гана финалдык сынактан көз каранды болду. Жалпысынан алганда, көнүп кетүүгө болот.

 

– Өлкөнү көрүүгө, сабактан тышкаркы иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк болдубу? Мүмкүн кандайдыр бир кыялыңызды орундаткандырсыз?
– Жогоруда айтып кеткендей, менде Германияны жана Европанын башка өлкөлөрүн көрүүгө абдан көп мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Германиянын ичинде абдан көп жерлерди кыдырдым. Мен жашаган шаар чек арага жакын жайгашкандыктан, Нидерландыга, анын ичинде Амстердамга баруу абдан ыңгайлуу болду. Ошондой эле досум экөөбүз Люксембургга жана Францияга барып келдик.
Сабактан тышкаркы иш-чараларга токтолсом, мен университеттин бир эле учурда эки спорттук командасында ойнодум: волейбол жана баскетбол боюнча. Андан сырткары, баскетбол командасы менен бирге университеттик мелдешке катышууга да жетиштим.


– Эң жаркын жана унутулгус таасир калтырган учур эмне болду?
– Менин Даниянын Биллунн шаарына болгон саякатым эң жаркын таасир калтырды. Мен ал жакка балалык кыялымды орундатуу жана дүйнөдөгү эң биринчи “Legoland” менен “Legohouse” паркына баруу үчүн жөнөгөм. Саякатты пландап жатканда эле мунун оңой болбосу көрүнүп турган: студент катары мен беш жылдыздуу мейманкананы же учак менен учууну сунуштай алмак эмесмин. Бир тарапка дээрлик бир сутка автобус менен барып, кайра ошончо убакыт жол жүрүүгө туура келди. Бирок бул аракеттердин баары толугу менен акталды, эч өкүнгөн жокмун.

 

– Бул саякаттан өзүңүзгө кандай тажрыйба алдыңыз жана бул программага катышууну жаңыдан ойлонуп жаткандарга кандай кеңеш бересиз?
– Бул саякат мага абдан баалуу тажрыйба берди. Мен биринчи жолу ушунчалык узак убакытка жалгыз жана өз алдымча жашап көрдүм. Бул программага катышууну ойлонуп жаткандарга бере турган кеңешим: бул дайыма чоң бир укмуштуу саякат болот жана ага даяр болуу керек. Ал саякаттын жакшы же жаман болушу бир гана сиздин өзүңүздөн көз каранды.

 

 

 

<< Назад к списку