БААУга окууга тапшырууга арыздарды кабыл алуу башталды!
10 июня 2026

Окууга тапшырууга арыздарды кабыл алуу ачылды жана ал 2026-жылдын 12-июну саат 17:00гө чейин уланат. Эгер Сиз биздин кабыл алуу сынактарды ийгиликтүү тапшырган болсоңуз же Сизде TOEFL/IELTS/Duolingo and SAT/ACT plus Writing расмий сынактарынын жыйынтыктары болсо, анда окууга тапшыруунун арызынын формасын бардык зарыл болгон документтери менен кошо 12-июнь саат 17:00гө чейин Студенттерди кабыл алуу кеңсеси, G20 кабинетине тапшыруу кажет. Чет элдик абитуриенттер жана КРнын аймактарындагы абитуриенттер толтурулган арыздын формасын admissions@auca.kg электрондук дарегине жөнөтсо болот.
Окууга тапшыруу арызынын формасын бул жерден көчүрүп алууга болот: https://auca.kg/uploads/Admission%20Sample%20Exams/AUCA_Admissions_Application_2026%20(1).pdf.
Документтердин тизмеси:
- Арыздын толтурулган форм
- 3*4 өлчөмүндө 2 сүрөт
- Паспорттун көчүрмөсү
- Мектептен 11-класста окуп жаткандыгыңызды тастыктаган маалымдама кат
- Мотивациялык кат
Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылуулар үчүн:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg
https://t.me/AdmissionsAUCA
Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg