БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Каржылык колдоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу 17-июнга чейин узартылды!

10 июня 2026

БААУ академиялык жетишкендиктерди, чыгармачыл ийгиликтерди жана студенттердин материалдык абалын эске алган арзандатуулардын ийкемдүү системасын сунуштайт. Университет жаңы чакырыктарга даяр жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдөн көз карандысыз түрдө өз дараметин ишке ашырууну каалагандарды колдоого умтулат. Каржылык колдоого өтүнмөнү Кыргызстан менен катар КМШ өлкөлөрүнүн абитуриенттери менен студенттери бере алышат.


Эгер сиз БААУнун кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тарпшырып, окууга кирүү үчүн тиешелүү документтерди тапшырган болсоңуз, анда сиз да каржылык колдоого өтүнмө берип кайрыла аласыз.

 

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 17-июнга чейин узартылды.


Бакалавриат программалары үчүн каржылык колдоо тууралуу толук маалыматтар биздин сайтка жайгаштырылган: https://auca.kg/_/financial_aid/. 
Бул жерден сиз ошондой эле 2026-2027-окуу жылына карата материалдык абалын эске алуу менен арзандатуунун арызынын формасын жана зарыл болгон документтердин тизмесин табасыз: https://auca.kg/ru/forms/.


https://auca.kg/uploads/Fin%20aid/Application/Fin%20Aid%20Application%202026-2027.pdf 


Каржылык колдоого байланышкан суроолордун баары боюнча Кажылык колдоо жана стипендиялар кеңсесине кайрылсаңыз болот:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg  

<< Назад к списку