БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда математика мугалимдери үчүн жыйынтыктоочу сабак өткөрүлдү

9 июня 2026

Май айынын аягында мектептердин математика мугалимдери үчүн бул окуу жылындагы жыйынтыктоочу усулдук сабак өттү. Иш-чараны БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети уюштурушту.

Бул жолу сабактын катышуучулары өздөрү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Магира Кадыралиевна Узакова өз бет ачарында туулган жердин сулуулугун ачуу менен бир эле учурда математиканы кантип үйрөнүүгө жана географияны таанып-билүүгө болорун көрсөтүп берди. Биз математиканын бардык жерде бизди курчап турганын дайыма эле байкай бербейбиз, ал эми бул сабак үчүн абдан кызыктуу тема болушу мүмкүн. Мисалы, ар кандай шаарлардын аянттарын салыштырууга, Бурана мунарасынын же Сулайман-Тоосунун бийиктигин аныктоого, Ысык-Көлдүн көлөмүн жана үстүнкү бетинин аянтын эсептөөгө болот.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун окутуучусу Элмира Сагынбековна Сейталиева бет ачарында маалыматтарды иштеп чыгууну үйрөтүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Бет ачардан кийин мугалимдер алган билимдерин практикалык сабактар аркылуу бышыкташты.

Иш-чара мугалимдерге бир жылдык курсту аяктагандыгын тастыктаган сертификаттарды тапшыруу менен аяктады. Бул жыл ичинде ар кандай курактагы окуучуларга багытталган ар түрдүү темалар каралды. Бирок, бардык сабактарды катардагы маселелерге стандарттуу эмес мамиле жасоо, математикага болгон сүйүү жана эң башкысы — балдарга болгон сүйүү бириктирип турду.

Өзгөчө ыраазычылык БААУнун «Колдонмо математика жана информатика» факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиевге, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Анаркуль Урдалетовага жана БААУнун улук окутуучусу Елена Буровага билдирилет. Ошондой эле сабактар БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун жана Борбордун координатору Алия Юсупованын колдоосусуз мүмкүн болмок эмес.

 

 

<< Назад к списку