БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун бакалавриат программасы: “Колдонмо математика жана информатика”

7 июля 2025

Илим катары колдонмо математика табигый жана социалдык кубулуштар тууралуу жаңы билимдерди алуу, ошондой эле ар кандай технологиялык процесстерди башкаруу үчүн математикалык үлгүлөрдү иштеп чыгуу, изилдөө жана пайдаланууга байланышкан. Бир жагынан математиканын теориялык бөлүмдөрү тарабынан чогултулган ыкмалар менен маалыматтык дараметти колдонсо, экинчиден соңку мезгилде тез өнүгүп жаткан компьютердик илимдерге таянат. Математика менен компьютердик илимдердин шериктештиги жаратылыш менен коомду таанып билүү үчүн эң бир эффективдүү шаймандардын бирин берди: математикалык үлгүлөөнү. БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” бакалавриат программасынын студенти болуу менен сиз аталган шайманды өздөштүрөсүз жана ал табият таануу жана социалдык илимдердеги татаал көйгөйлөрдү чечүүдө кантип колдонуларын түшүнөсүз.

Багыт математика жана компьютердик илимдер боюнча базалык билим берет. Мында математикалык анализ, дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдуулук теориясы жана математикалык статистика, эсептөөчү математика, маалыматтардын түзүмдөрү жана алгоритмдери, жогорку деңгээлдеги тилдерде программалоо, программалык инженериянын негиздери өндүү дисциплиналар иликтенет. Ошондой эле бул жерде математикалык үлгүлөө усулу экономикада (каржы рынокторун алаиздөө, банктык жана камсыздандыруу тобокелчиликтерин баалоо, ишкерликтеги жана тармактарды оптималдуу экономикалык башкаруу жана башкалар) кантип иштерин жана табияттагы техногендик кырсыктарды (жер титирөө, цунами, экологиялык көйгөйлөр) иликтөөнү түшүндүрөт.

Программанын бүтүрүчүлөрү экономика, бизнес, илим, коомдук жана мамлекеттик секторлордун дээрлик бардык тармактарында чоң суроо-талапка ээ. Алар банк чөйрөсүндө, консалтинг, камсыздандыруу жана аудитордук компанияларда, өндүрүштүк фирмаларда иштей алышат. Мындан тышкары системалык бизнес аналитиктердин, маалыматтар базасынын долбоорлоочуларынын, мүмкүн болгон компьютердик системаларды өнүктүрүү жана модернизациялоочулардын милдеттерин аркалай алышат. Ошондой эле окууну магистрдик программаларда төмөнкү багыттар боюнча уланта алышат: АКШ, Англия жана Германиянын университеттеринде бизнес, экономика, колдонмо математика, компьютердик илимдер боюнча.

Программа тууралуу кенен маалыматтарды бул жерден көрүп алууга болот: https://auca.kg/ru/acad_dev_math_dept/

[email protected]

 

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылуулар үчүн:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

[email protected]

https://t.me/AdmissionsAUCA

 

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

[email protected]

<< Назад к списку