БААУда биз баарыбыз биргеликте ооганстандык студенттердин келечегин камсыздап бере алабыз!
3 июля 2025
Жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери БААУ ооганстандык студенттер үчүн үмүттүн символу болуп келет. 1999-жылдан тарта 500гө жакын ооганстандык студент биздин окуу жайды аяктап, дүйнө жүзү боюнча өзгөрүүлөрдүн лидерлерине жана өкүлдөрүнө айланышты. 2021-жылы Кабул басылып алынгандан кийин БААУ дагы 200дөй студентти кабыл алды. Алар эваукацияланып, коопсуз чөйрөдө билим алууну улантууга жардам берди. Бүгүнкү күндө БААУда 75 студент болуп, алардын көбү чоң тобокел алдында калышты. БААУнун студенти катары сиз биздин университетте билим алуу жашоону өзгөртө аларын билесиз. Азыр бул студенттерге сиздин болуп көрбөгөндөй жардамыңыз керек.
2025-жылы июнда биз суук кабар уктук: 43 студенттин билим алуусунун чыгымдарын толугу менен жапкан АКШ өкмөтүнүн каржылоосу 2025-жылы 1-июлда токтотулары белгилүү болду. Көчүүнү пландаштырып жаткан дагы 23 студент каржылык колдоосуз калды. Алардын көпчүлүгү - өз үйлөрүнө кайтуу же АКШга журт которуу мүмкүнчүлүгү жок, чоң кыйынчылыктарга кабылган кыз-келиндер менен диний азчылыктардын өкүлдөрү. Андыктан кечиктирилбес чаралар көрүлбөсө аталган студенттер кыялдары менен коштошуп, коопсуздугун тобокелге салып, билим алуусун токтотууга аргасыз болушат.
Алардын БААУда билим алуусун улантуу үчүн биз чоң ишке аша турган максат койдук: 2025-2026-окуу жылында 66 студентке колдоо көрсөтүү үчүн 750 миң АКШ долларын жана калган студенттерди колдоо үчүн 2026-2027-окуу жылына 240 миң АКШ долларын чогултуу. Сиздердин салымыңыздар билим алуу, жашоо-турмуш жана зарыл болгон ресурстардын чыгымдарын жаап, студенттердин ийгиликке жетүүсү үчүн туруктуулук менен камсыздайт.
Кантип көмөк көрсөтүүгө болот? Өтүнүч төмөнкү шилтемелер боюнча кириңиз:
Сурап-билүү же кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер боюнча кайрылыңыз:
Назира Бейшеналиева (Дубай)
Джонатан Беккер (Нью-Йорк)
Бермет Турсункулова (Бишкек)